15:42
USD 87.45
EUR 102.47
RUB 1.03

Криштиану Роналду Сауд Аравияда «Алтын бутса» сыйлыгын алды

Сауд Аравиясынын «Аль-Наср» клубунун капитаны 2024-2025-жылкы сезондо 25 гол киргизип, Сауд Аравиянын эң мыкты бомбардири катары «Алтын бутса» сйлыгын алды. Бул тууралуу аталган клубдун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2024/25 сезондо Криштиану Роналду 25 гол киргизип, Сауд Аравиянын Профессионалдык Лигасында эң мыкты бомбардир болду. «Аль-Насрдын капитаны Криштиану Роналду «Алтын бутса» сыйлыгын экинчи жолу катары менен алды. Сыйлыкты ага «Аль-Насрдын» мурдагы капитаны жана клубдун тарыхындагы мыкты бомбардир Мажид Абдулла тапшырды.

Сауд Аравиясынын Про-Лигасынын басма сөз кызматы
Фото Сауд Аравиясынын Про-Лигасынын басма сөз кызматы
Команданын капитаны атаандашы «Аль Ахли» командасынын оюнчусу Эйван Тонини эки гана упайга утуп алды. Талапкерлердин тизмесине ошондой эле 21 голу бар «Аль-Иттихад» клубунан Карим Бензема менен «Аль-Шабабдан» Абдерразак Хамдаллах жана быйылкы сезондо 20 гол киргизген «Аль-Кадисиядан» Жулиан Киньонес кирди.

Эске салсак, Сауд Аравия чемпионатынын өткөн сезонунда Роналду 30 матчка катышып, 25 гол жана 3 голго пас берген. Форвард «Аль-Насрда» 2023-жылдан бери ойноп келет. Чабуулчунун клуб менен келишими 2027-жылга чейин түзүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар