Кыргызстанда Орусиянын маданият күндөрү өтөт. Иш-чарага даярдыктарды КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев менен Россия Федерациясынын Маданият министри Ольга Любимова талкуулашты. Жолугушуу Бириккен маданияттардын XI форумунун алкагында өттү.
Тараптар ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташтыктын кеңири спектрин, анын ичинде искусство, билим берүү, музей жана китепкана иштери, материалдык эмес маданий мурастарды сактоо, ошондой эле жаштардын демилгелерин колдоо жаатында биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууну талкуулашты.
Мирбек Мамбеталиев улуу жазуучунун 100 жылдыгына карата 2028-жылы Санкт-Петербург шаарында Чыңгыз Айтматовдун эстелигин орнотуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштап, анын дүйнөлүк адабияттагы ордун белгиледи.
Мындан тышкары, кесиптештер театр жана кино жаатындагы демилгелерди колдоо, ошондой эле Кыргызстандын чыгармачыл жамааттарынын Intervision 2025 сыяктуу эл аралык долбоорлорго катышуусун талкуулашты.