2026-жылы медицина кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөрүн саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев Жогорку Кеңештин жыйынында «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда билдирди.
Депутат Нилуфар Алимжанованын дарыгерлерди коргоо менен бирге, алардын маянасын көтөрүү маселесин тез арада чечүү керек деген сөзүнө жооп берди.
Министрдин айтымында, дарыгерлердин айлыгы жыл сайын көтөрүлүп келет.
«Бул биз үчүн приоритеттүү маселе. Келерки жылы дагы жогорулатуу пландалууда. Биз муну түшүнүп, ушул багытта иштеп жатабыз», — деди ал.
Ошондой эле депутат Эркин Чечейбаевди Ош шаарындагы балдардын онкологиялык ооруканасынын муктаждыктарын дары-дармек менен камсыздоо маселесин чечип берүүнү өтүндү. «Балдар абдан кыйналып жатат, оорулуу балдардын маселесин ким чечет? Сайтка кирип, абал менен жеринде таанышып алыңыз», — деп кошумчалады ал.