Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев журналисттерди эмес, коррупционерлерди камаш керек деп эсептейт. Бул тууралуу эл өкүлү парламент жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө көптөгөн аткаминерлер кымбат саат тагынышат, кымбат баалуу унааларды айдашат, ресторандарда тамактанышат, бизнес-класс менен гана учушат.
«Алардын кирешеси тууралуу декларациясында эч нерсе жок. Башкача айтканда, алардын жашоо образы декларациясына туура келбейт. Коррупциялык жүрүм-туруму көрүнүп турат. Бирок азыр мыйзамдарда мындай түшүнүк жок. Коррупция менен натыйжалуу күрөшүш үчүн аны киргизүү керек», — деди депутат.
Ал эми прокуратура жалпыга маалымдоо каражаттары жана жарандык активисттер менен активдүү иштеши керектигин кошумчалады.
«Алар көбүнчө ким унаа айдаганын, кандай сарайларда жашап жатканын көрсөтүп беришет. Болгону аткаминердин ордуна журналисттерди каматпагыла, алар менен дос болушуңар керек», — деп белгиледи Дастан Бекешев.
Ал ошондой эле чиновниктердин жакындары мамлекеттин кепилдиги менен төмөн пайыз менен насыя алып жатканына көңүл бурууга чакырды. Ал эми 5 миллион долларды алып кеткен Транспорт министрлигинин жетекчисинин бир тууганын мисал келтирди.
Башкы прокуратуранын өкүлдөрү мындай фактылар текшерилип, тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканын белгилешти.