19:45
USD 87.45
EUR 102.25
RUB 1.03

Алайда Алымбек датканын 225 жылдык мааракеси өтөт

Бүгүн, 11-сентябрда Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылында кыргыз элинин биримдиги жана азаттыгы үчүн эмгектенген мамлекеттик жана коомдук ишмер Алымбек датканын 225 жылдыгы башталат. Бул тууралуу «Алымбек датка» коомдук фондунун билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн кыргыз-казак акындарынын ортосундагы эл аралык «Айтыш» финал болот. Байге фонду — 600 миң сом. Жеңүүчүгө Ош шаарынан бир бөлмөлүү батир тапшырылат. Мындан тышкары улуттук оюндар жана гала-концерт өтөт.

Иш-чаранын максаты — улут азаттыгы үчүн кызмат өтөгөн улуу инсандын өмүр жолун жана өрнөктүү иштерин даңазалоо, коомго үлгү тутуу менен бирге кыргыз элинин байыркы төкмөлүк өнөрүн жайылтуу жана өнүктүрүү, коомчулукту ыйман-ызаатка, нарк-насилге үндөө болуп саналат.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин тескемесине ылайык Алымбек датканын 225 жылдыгы жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралардын тизмегине кирген.

Эң көп окулган жаңылыктар