17:32
USD 87.45
EUR 102.31
RUB 1.04

Бишкекте «Салам Баку» кафеси демонтаждалууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы Анкара жана Валиханов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Салам Баку» кафесин демонтаждоо иштерин баштады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, объект 525 чарчы метр аянттагы жер тилкесинде жайгашкан. Жерди пайдалануу мөөнөтү аяктап, комиссия аны узартуудан баш тарткан, анткени объект суу коргоо зонасында турат.

Комиссиянын чечиминин негизинде объект демонтаждалууда.

Мындан тышкары кафенин жанында 2295 чарчы метр жер тилкеси бар, мурда сезондук аянтча катары колдонулуп келген, ал дагы демонтаждалат.
Эң көп окулган жаңылыктар