Дарыгер күзүндө иммунитетти бекемдөөнүн жөнөкөй жолун айтып берди.Терапевт Анастасия Якимова күзүндө жашылчаларды көбүрөөк жегенге чакырык жасагандыгын РИА Новости менен болгон маегинде билдирди.
Якимова сентябрь айында дүкөндөрдө табигый жол менен бышкан жашылчалар пайда болоорун баса белгиледи. Анын айтымында, мындай мөмө-жемиштер витамин жана аш болумдуу курамы боюнча рекорд койот. «Бул азыктарды рационго кошуу күз-кыш мезгилине чейин иммунитетти бекемдеп, витаминдердин жетишсиздигин азайтат», — дейт дарыгер.
Терапевт күзгү менюга сезондук жашылчаларды, мисалы, С витаминине бай капуста, бета-каротинди көп камтыган сабиз, ошондой эле табигый антиоксиданттар менен темирди көп камтыган кызылчаны киргизүүнү кеңеш кылды.
Якимова таттуу калемпирди С витамининин дагы бир эң сонун булагы деп атады. Мындан тышкары, ал тамакка ашкабакты кошууну сунуштады, анткени бул жашылчалар тамак сиңирүүнү жакшыртат.