Жогорку Кеңештин депутат жаштар иштери боюнча өзүнчө агенттик түзүү зарыл деп эсептейт. Бул тууралуу эл өкүлү парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында Табылды Муратбеков билдирди.
Анын айтымында, жаштар — өлкөнүн жаңы энергиясы, ал колдоого муктаж.
«Жаштар маселелерин жаңы деңгээлге көтөрүү зарыл. Алардын бири — өзүнчө агенттик түзүү, анда жаштарды өнүктүрүү жана колдоо боюнча өзүнчө программа, өзүнүн кадрлары жана каржылоо каралган. Бүгүнкү күндө мамлекеттик органдарда жаш кадрлар жетишсиз. Жаштар боюнча көптөгөн программалар бар, бирок алар бирдиктүү эмес. Ошондуктан жаштардын маселелери боюнча бирдиктүү координациялык орган керек», — деп эсептейт Табылды Муратбеков.
Ал мисал катары коңшу мамлекеттерди келтирип, «Өзбекстанда, Казакстанда жаштар иштери боюнча өзүнчө министрликтер, ведомстволор бар, аларга чоң суммадагы каражат бөлүнөт. Бизде Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги гана бар, ал жерде жаштарга бир эле бөлүм бөлүнгөн. Бул аздык кылат», — деп кошумчалады эл өкүлү.