01:44
USD 87.45
EUR 102.31
RUB 1.04

Кыргызстанда негизги сезондук жашылчалардын баасы арзандады

Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги азык-түлүк товарларына (нан азыктары, картошка, жашылчалар, мөмө-жемиштер, эт, сүт, кант, жумуртка, өсүмдүк майы жана башкалар) баанын салыштырмалуу мониторингин жүргүздү.

2025-жылдын башынан бери ун, күрүч, кумшекер жана жумуртка сыяктуу бир катар социалдык маанидеги товарларга баанын төмөндөшү белгиленген. Бул калк үчүн азык-түлүктүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жана керектөө рыногун турукташтырууга жардам берет.

Жай мезгилинде айрыкча июндан сентябрга чейин негизги сезондук жашылчалардын: сабиздин, картошканын жана пияздын наркынын төмөндөшү катталган. Бул жапырт жыйноодон улам ички рынокто жашылча азыктарын сунуштоо көбөйгөнүнө байланыштуу болгондугу айтылды.

Ошол эле учурда биринчи жарым жылдыкта эттин кымбаттаганы байкалган. Бирок кабыл алынган мамлекеттик жөнгө салуу чараларынын жана киргизилген чектөөлөрдүн аркасында баалардын мындан ары көтөрүлүшүн токтотууга мүмкүн болду. Учурда эт азыктары рыногунда абал туруктуу деп бааланууда.

2025-жылдын 8-сентябрына карата негизги соода түйүндөрүндөгү баалар боюнча кыскача маалымат:

Сабиз — 37,5 сом;

Пияз — 32 сом;

Картошка — 42 сом;

Өсүмдүк майы — 144 сом;

Пастерленген сүт — 92 сом;

Жумуртка (10 даана) — 85 сом;

Кум шекер — 72,9 сом;

Капуста — 23,5 сом.

Эң көп окулган жаңылыктар