01:51
USD 87.45
EUR 102.31
RUB 1.04

Садыр Жапаров Израилдин Катарга ракеталык чабуулдарды айыптады

Садыр Жапаров Израилдин Катардын борбору Дохага жасаган ракеталык соккусун айыптады. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Facebook баракчасына жазды.

"Бул аракеттер эл аралык укуктун жана БУУнун уставынын принциптерин бузат, ошондой эле Катар мамлекетинин аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендүүлүгүнө зыян келтирет", - деп айтылат президенттин билдирүүсүндө.

Эске салсак, Израил армиясы Катардын борборунда ХАМАС жетекчилери жашырынышы мүмкүн болгон жайга сокку урган.

Эң көп окулган жаңылыктар