Непалдын борборунда популярдуу социалдык тармактарга тыюу салынгандан кийин массалык нааразылык акциялары уланууда.
Буга чейин өкмөт отставкага кетип, чектөөнү алып салганы менен эл тынчыбай жатат. Аткаминерлер имараттардын чатырларынан тик учактар менен эвакуацияланууда. Акыркы маалыматтар боюнча, 19 адам каза болуп, 300дөн ашууну жаракат алган.
Сүрөттө Непал парламентинин имараты, анын алдына митингчилер чогулган. Социалдык тармактарга чектөө дүйнөлүк ири компаниялар өлкөнүн Байланыш министрлигинен каттоодон өтпөй калгандан кийин киргизилген.
Кырдаал курч бойдон калууда, бийлик элди тынчтанууга жана диалогго чакырууда.