21:32
USD 87.45
EUR 102.84
RUB 1.06

Жалал-Абаддын атын өзгөртүү үчүн 15 миллион сом керектелет

Жалал-Абад шаарынын атын Манас деп өзгөртүү боюнча мыйзам долбооруна ылайык, чыгым болжол менен 15 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу негиздеме —документтинде айтылат.

Мыйзам долбоору улуттук идеологияны чыңдоо жана шаарга тарыхый инсан жана улуттук баатыр, кыргыз элинин коргоочусу улуу Манастын атын ыйгаруу максатында иштелип чыкканы айтылат. Демилге шаардыктар тарабынан көтөрүлүп, шаардык кеңеш, ошондой эле президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан колдоого алынган.

Жалал-Абад шаарынын калкынын саны 186 миң 400 адамдан ашып, Башкы план 2023-жылы өзгөртүүлөр менен бекитилген.

Бардык чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жабылат. Мыйзамды кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт.

Демилге авторлорунун айтымында, атын өзгөртүү терс социалдык, экономикалык, укуктук, экологиялык же коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.

Бүгүн, 9-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун бир эле учурда үч окууда жактырды.

Эң көп окулган жаңылыктар