03:52
USD 87.45
EUR 102.25
RUB 1.03

Кара-Суу районунда 2,5 гектар айыл чарба жери турак жайга айландырылды

Кыргызстандын министрлер кабинети Ош облусундагы жер тилкесин которууга (трансформациялоого) уруксат берди.

Кеп Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы 2,5 гектар айдоо жери жөнүндө болуп жатат. «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан жер тилкеси «калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулду. Бул аймакка көп кабаттуу үйлөрдү куруу пландалууда.

Жергиликтүү бийлик органдары эсепке алуу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, шаар куруу документтерин даярдоого, участоктун өз багыты боюнча так пайдаланылышын камсыздоого жана мүмкүн болуучу табигый тобокелдиктерден коргоо чараларын көрүүгө милдеттүү. Мындан тышкары, жергиликтүү бюджеттин жана инвестициянын эсебинен инфраструктураны жана жашоону камсыз кылуу системаларын өнүктүрүү тапшырылды.

Эгерде ал жерде тарыхый-маданий мурастар табылса, алар мыйзам чегинде сакталышы керек. Ошондой эле айыл чарбасындагы жоготуулардын ордун толтуруу каралган.

Эң көп окулган жаңылыктар