00:41
USD 87.45
EUR 102.84
RUB 1.06

ЖК комитети Жалал-Абад шаарын Манас деп өзгөртүүнү үч окууда колдоду

Бүгүн, 9-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп кайра атоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, бир эле учурда үч окууда жактырылды.

Документти Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев тааныштырды.

Депутаттар эч кандай суроо беришкен жок, айрымдары гана шаардын атын өзгөртүүнү каалаган Жалал-Абад шаарынын тургундарын колдоо зарыл деген пикирлерин айтышты.

Алгач бул мыйзам долбоору комитеттин күн тартибинде болгон эмес. Жыйындын башында президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов мыйзам долбоорун кезексиз талкууга киргизүүнү суранды. Мыйзам долбоорун талкуулоодо ал бардык фракциялар мыйзам долбоорун бир эле учурда үч окууда кабыл алууну колдогонун билдирди. Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү үч окууда демилгени колдошту.

Белгилей кетсек, документ 5-сентябрда коомдук талкууга коюлган.

Эске салсак, 3-сентябрда Жалал-Абад шаардык кеңешинин сессиясында шаар мэри Эрнисбек Ормоков шаардын атын Манас деп өзгөртүү маселесин кароону сунуштаган. Аны депутаттар колдошту. Анда айтылгандай, сунуш президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, андан соң Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар