Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 369 Жарлыгы менен ак илбирс өлкөнүн мамлекеттик символу катары расмий түрдө таанылат.
Буга байланыштуу Министрлер кабинети «Ак илбирстин статусун Кыргызстандын улуттук символу деп таануу жөнүндө» токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Ак илбирс — Кыргызстандын бийик тоолуу райондорунда жашаган сейрек кездешүүчү жана аялуу түр. Бул өлкөнүн табигый мурасынын бир бөлүгү гана эмес, маданиятта, фольклордо жана мамлекеттик символикада кеңири чагылдырылган улуттук иденттүүлүктүн, күчтүн жана эркиндиктин маанилүү символу.
Ак илбирсти улуттук символ катары таануу мамлекеттик органдардын, илимий жана билим берүү мекемелеринин, коомдук жана эл аралык уюмдардын аны коргоону, популяризациялоону жана адам менен туруктуу жанаша жашоону камсыз кылуу максатында макулдашылган иш-аракеттерин талап кылат.
Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтомунун кабыл алынышы төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
• Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгын ишке ашырууну камсыз кылсын;
• Ак илбирсти жана анын жашаган чөйрөсүн коргоо боюнча чараларды күчөтүү;
• жаратылышты коргоо маселелери боюнча калктын маалымдуулугунун деңгээлин жогорулатуу;
• ак илбирстин образын маданий дипломатияда колдонуу жана Кыргызстандын эл аралык аренада позитивдүү имиджин жайылтуу.