17:43
USD 87.45
EUR 102.59
RUB 1.07

Былтыр автоунаалардын айнектерин караңгылатуудан 650 миллион сом киреше түшкөн

2024-жылы өлкө бюджетине унаалардын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга уруксат бергенден кийин 650 миллион 100 миң сом түшкөн. Мындай маалыматтар министрлер кабинетинин өткөн жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетунда камтылган.

Белгиленгендей, план 469 миллион 900 миң сом деп белгиленген. 2023-жылга салыштырмалуу 225 миллион 800 миң сомго көп жыйналды.

Ошондой эле 2024-жылга карата транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо үчүн жыйымдар 3 миллиард 159 миллион 500 миң сомду түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 168 миллион 600 миң сомго көп болгону маалымдалды.

Эң көп окулган жаңылыктар