16:02
USD 87.45
EUR 102.59
RUB 1.07

Азияга бир кадам: Бүгүн Бишкекте Кыргызстан—Шри-Ланка футболдук беттеши өтөт

Бүгүн, 9-сентябрда Олимпиадалык кураманын чечүүчү беттешинде Кыргызстан менен Шри-Ланка кез келет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш саат 20:00дө Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо башталат. Ошондой эле оюн алдында саат 18:00дө күйөрмандар үчүн чоң шоу-программа тартууланат.

Кыргызстандын U-23 Олимпиадалык курамасы 2026-жылкы Азия Кубогунун тандоо турунда ийгиликтүү башталыш жасап, Палестина курама командасын 2:1 эсебинде жеңген. Ал эми экинчи беттешинде Өзбекстан менен ойноп, беттеш 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

Азия Кубогунун финалдык этабы 2026-жылдын январь айында Сауд Аравияда өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар