15:39
USD 87.45
EUR 102.59
RUB 1.07

Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан электр энергиясы боюнча келишимге кол койду

Чолпон-Ата шаарында энергетика тармагындагы кызматташуу боюнча кезектеги жыйын өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын ортосунда 2026-жылдын жаз айына чейин электр энергиясын берүү боюнча протоколго кол коюлган.

Документтин негизги максаты — Токтогул суу сактагычындагы сууну үнөмдөө жана сарамжалдуу пайдалануу үчүн күз-кыш мезгилинде Кыргызстанга Казакстан менен Өзбекстандан электр энергиясын жеткирүү боюнча тараптардын милдеттерин аныктоо. Мындан тышкары, Казакстандын энергетика системасы аркылуу Орусиядан Кыргызстанга электр энергиясын транзиттөө жана Өзбекстандын энергетика системасы аркылуу Түркмөнстандан Кыргыз Республикасына электр энергиясын транзиттөө шарттары макулдашылды.

Кошумчалай кетсек, жолугушууда Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда электр энергиясын жеткирүү боюнча эки тараптуу протоколго кол коюлду.

Эң көп окулган жаңылыктар