19:45
USD 87.45
EUR 102.59
RUB 1.07

Садыр Жапаров «Нарын» жана «Казарман» жаңы аба майдандарын ачты

Президент Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында бүгүн, 8-сентябрда «Нарын» жана «Казарман» аэропортторун ачып берди.

Мамлекет башчысы Нарын жана Казарман аэропорттору ишке кириши менен Кыргызстандын бардык аба порттору ишке киргизилип, иштей баштаарын белгиледи.

«Деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү болбогон биздин шартта аба каттамы дүйнө өлкөлөрү менен алака-катышыбызды арттырууда зор роль ойнойт.Бул багытта «Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коому бүгүнкү күндө жигердүү өнүгүү жолунда баратат. Уюштуруу-башкаруу түзүмү жакшырып, өлкө боюнча аэропортторубуздун инфратүзүмү жаңыланып, маршруттук тармак кеңейүүдө. Ошону менен катар эле аэропортторубуздун ишмердүүлүгү ар тараптуу өнүгүүдө», -деди өлкө башчысы.

Президенттин басма сөз кызматы
Фото Президенттин басма сөз кызматы. “Нарын” жана “Казарман” жаңы аэропорттору ачылды
Натыйжада Кыргызстандын авиация тармагынын ишмердиги кайра жаралууда. Өзүңүздөр билгендей, «Талас» аэропорту өткөн жылдын май айында ишке берилсе, «Каракол» эл аралык аэропорту өткөн жылдын соңунда ачылды. «Ош» жана «Тамчы» аэропортторунда жүргүнчүлөр терминалдары курулууда, «Манас» аэропортунда учуп-конуу тилкеси жаңыланып, аэровокзал кеңейүүдө.

Быйыл кыргыз авиация тармагында дагы бир жаңы барак ачылды: эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу «Жалал-Абад» эл аралык жаңы аэропортунун курулушу башталды.

Совет доорунда курулган аэропортторубуз ошончо мезгилден бери бир да жолу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Кезинде жашоо турмуш жагдайына байланыштуу, жүргүнчүлөрдүн жоктугунан аба каттамы азайып, «Нарын» аэропорту 1999-жылдан тарта ишин токтоткон экен.

Садыр Жапаров

Буюрса, бүгүнтөн тарта Бишкек — Нарын — Бишкек аба каттамы расмий ишке кирип, чейрек кылымдан кийин «Нарын» аэропорту жанданып олтурат. Эми күркүрөп аккан Нарын дайрасынын шоокумуна Теңир-Тоого каттаган учактардын добушу кошулат.

«Нарын» жана «Казарман» аэропорттору тоолуу аймактардын транспорттук түйүнү болуп саналат. Бул аэропорттор Нарын облусунун, Тогуз-Торо районунун жашоочуларын бүткүл Кыргызстандын жашоочулары менен алака-катышын арттырууга чоң салым кошот десек болот.

Аталган аэропорттордун кайра ишке кириши менен тоолуу региондорубуздун транспорттук инфратүзүмү жакшырып, инвестициялык аброю артат. Ошондой эле чет элдик ишкерлердин, туристтердин Нарын, Тогуз-Торо дубанына ыкчам, ыңгайлуу жетишине өбөлгө түзөт. Ошентип, бул обочодогу облус менен алыскы районго социалдык, экономикалык жактан чоң пайда алып келет.

Бул аэропорттордун тейлөө жөндөмдүүлүгү саатына 100 жүргүнчүгө чейин көбөйдү. Аэробекеттер жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн жаңы жабдуулар менен камсыз болду. Мындан сырткары, аэродромду эксплуатациялык абалда кармап туруу үчүн атайын техникалар сатылып алынды.

Ачылып жаткан эки аэропорттогу аткарылган иштердин баары «Кыргызстан аэропорттору» компаниясынын өздүк каражатынын эсебинен жүргүзүлгөнүн баса белгилеп айта кетишим керек. Бул компания жогоруда айтылган ири масштабдагы инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууга жалпы 8 млрд 175 млн сом каражат бөлдү. Жүргүнчүлөрдү тейлөө инфратүзүмүн жакшыртуу максатында атайын техникалар жана жабдуулар жалпы суммасы 3 млрд 356 млн сомго алынды. Бул биздин авиация тармагыбыздын өз алдынча ийгиликтүү иш алпарып жаткандыгын көрсөтүп турат.

Мындан тышкары, «Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коому өз каражаттарынын эсебинен өлкөнүн авиация паркын жаңы аба кемелери менен толуктап, «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы үчүн «Бомбардиер Даш-8» (Bombardier DASH 8 Q400) үлгүсүндөгү үч аба кемесин сатып алууга жалпы суммасы 2 млрд 385 млн сом бөлгөн.

Ошондой эле эмки жылга дагы бир «Бомбардиер Даш-8» үлгүсүндөгү учакты, ал эми эл аралык каттамдарды аткаруу үчүн «Боинг» же «Эйрбас» сымал чоң учактарды сатып алуу пландалган. Мындай учактардын ишке кириши менен ички каттамдардын туруктуулугу жана жеткиликтүүлүгү бекемделип, эл аралык каттамдардын саны кескин көбөйөт.

«Бомбардиер Даш-8» учагы менен Бишкек-Нарын-Бишкек жана Бишкек-Казарман-Бишкек каттамын үзгүлтүксүз жүргүзүү мерчемделүүдө.

«Нарын» жана «Казарман» аэропортторунун ишке киргизилиши менен Кыргызстандын бардык аэропорттору жандандырылып, иштей баштарын баса белгилеп айта кетейин.

Бүгүнкү «Нарын», «Казарман» аэропортторунун ачылышы жана ырааттуу учак каттамдарынын калыбына келтирилиши — Кыргыз Республикасынын өнүгүү жолунда бараткандыгынын дагы бир далили, калкыбыздын өзгөчө муктаждыктарынын чечилип жаткандыгынын айкын мисалы.

Мындан улам, жаңы Кыргызстанды куруу жолунда бүгүнкү маанилүү долбоорго катышкандардын баарына ыраазычылык билдирем. Биз өлкөбүздүн келечегин — жаңы Кыргызстанды куруу жолунда бирге баратабыз",-деп белгиледи президент

Эң көп окулган жаңылыктар