Дональд Трамп Казакстанга жумушчу сапарынын ыктымалдыгын жарыялады. АКШ президенти өлкөнүн башчысы Касым-Жомарт Токаев менен болгон сүйлөшүүнү «эң сонун» деп атаганын Reuters агенттиги жазды.
«Менин Казакстанга келишим толук мүмкүн. Президентиңизге салам айтыңыз. Ал жакшы адам», — деди Дональд Трамп журналисттин Борбор Азия өлкөлөрүнө баруу планы тууралуу суроосуна жооп берип жатып.
Ал Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшкөнүн кошумчалады. Ак үйдүн башчысынын айтымында, сүйлөшүү оң маанайда өттү.
«Экөөбүз эң сонун маектештик», — деди ал, бирок сүйлөшүүнүн маңызына комментарий берген жок.
Эске салсак, июль айында Касым-Жомарт Токаев Дональд Трампка кат жолдоп, анда Вашингтон казакстандык товарларга 25 пайыздык алым киргизгенден кийин соода маселелери боюнча конструктивдүү диалогго даяр экенин билдирген. Америкалык лидер өз чечимин Казакстан менен соода дисбалансты жоюу зарылчылыгы менен түшүндүрдү. Ал өзү айткандай, АКШнын экономикасына жана улуттук коопсуздугуна «олуттуу коркунуч келтирет». Ошол эле учурда ал АКШ Казакстан менен кызматташууну улантууга макул экенин баса белгиледи.