16:38
USD 87.45
EUR 102.17
RUB 1.07

Көк бөрү: «Достук» командасы «Ынтымакты» 5:4 эсебинде жеңип, 1-орунга чыкты

Чолпон-Ата шаарында Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгына арналган Көк бөрү боюнча мелдеш аяктады. Жыйынтыктоочу Жогорку лиганын финалында «Достук» менен «Ынтымак» командалары 1-орун үчүн беттешти.

Биринчи тайм 2:1 эсебинде «Ынтымак» командасынын пайдасында жыйынтыкталса, экинчи тайм 2:2 эсебинде тең чыгуу орун алды . Жыйынтыктоочу үчүнчү таймда күтүлбөгөн жагдайлар орун алып, 4:4 эсебинде тең чыгышты.

Кошумча кошуп берилген убакытта алтын упайды Кубаныч Султан уулу салып, өз командасына чемпиондук наамды алып берди.

Жалпы оюндун жыйынтыгында «Достук» 5:4 эсебинде жеңишке жетти.

Эң көп окулган жаңылыктар