05:19
USD 87.45
EUR 102.17
RUB 1.07

UFC экс-чемпиону Конор Макгрегор Ирландиянын президенттигине талапкер болууда

Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) эки салмак боюнча мурдагы чемпиону Конор Макгрегор Ирландиянын президенттигине талапкер болуу ниетин билдирди. Бул тууралуу Макгрегор социалдык тармактагы баракчасында Дублиндеги өкмөт имаратынын алдында тартылган видеокайрылуусунда билдирди.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды
«Президент катары мен эч кандай мыйзам долбооруна биринчи жолу элге сунушталмайынча кол койбойм. Эгерде менин атымды президенттик шайлоо бюллетенинде көргүңүз келсе, бүгүн жергиликтүү депутаттар менен байланышып, менин талапкерлигимди көрсөтүүнү суранам», — деди ал.

UFC жылдызы буга чейин бизнесмен Илон Масктын колдоосуна ээ болгон.

Ирландияда президенттик шайлоо 11-ноябрга белгиленген.

Эске салсак, Макгрегор буга чейин март айында президенттикке аттануу пландары бар экенин айткан. Бирок анын ысымы жергиликтүү кеңештердин колдоосун издеген талапкерлердин тизмесине кирген эмес. Бюллетенге кирүү үчүн Макгрегорго парламенттин 20 мүчөсүнүн же төрт жергиликтүү же аймактык кеңештин колдоосу зарыл.

Макгрегор 37 жашта, акыркы жолу 2021-жылдын жайында UFC 264 турниринде америкалык Дастин Порьерге каршы мушташкан.

Эң көп окулган жаңылыктар