Эртең, 5-сентябрда Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 9...14, күндүз 29...34;
Талас облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 27...32;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14...19, күндүз 32...37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9...14, күндуз 22...27;
Нарында түнкүсүн 6...11, күндүз 24...29 градус жылуу болот.
Бишкекте түнкүсүн 12...14°, күндүз 32...34° жылыйт.