19:34
USD 87.45
EUR 101.95
RUB 1.08

Бишкекте кыргыз-түрк бизнес форуму өтөт

18-сентябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында «Жашыл долбоорлорду өнүктүрүү: кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү» аттуу кыргыз-түрк бизнес форуму өтөт. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, форумдун күн тартибинде соода жана инвестиция, өнөр жай, транспорт жана логистика, энергетика, айыл чарба, курулуш, туризм, ошондой эле билим берүү жана санариптик технологиялар чөйрөлөрүндө кызматташууну өнүктүрүү маселелери каралат.

Иш-чарага министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Касымалиев жана Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз төрагалык кылат.

Эң көп окулган жаңылыктар