Бишкекте аптанын экинчи жарымында ачык жана ысык аба ырайы сакталат. Мындай божомолду синоптиктер билдирди.
Шаардыктар үчүн 4-сентябрда күн ачык болот: түнкүсүн абанын температурасы +11 градуска чейин төмөндөйт, күндүз абанын температурасы +32 градуска чейин жылыйт.
5-сентябрда да ачык болот. Түнкүсүн +14 градуска жакын, күндүз +34 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт.
6-7-сентябрда аба ырайы кескин өзгөрбөйт: түнкүсүн +16 градуска жакын, күндүз термометр кайрадан +34 градуска чейин көтөрүлөт.