Жогорку Кеңештин депутаты бюджетте каралган каражатты Эр-Төштүк тууралуу анимациялык тасма тартууга бөлүүнү суранды. Бул тууралуу Динара Ашимова Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында билдирди.
Анын айтымында, «Эр-Төштүк» эпосу кыргыз элинин белгилүү баатырдык эпосу.
«Эл үчүн чоң тарбиялык мааниси бар. Өзүңүздөр билесиздер, кино жарандардын аң-сезимине таасир этүүчү күчтүү, тарбиялык курал. Биздин балдар чет элдик баатырларды жакшы билишет, бирок улуттук баатырларды билишпейт. Кожожаш, Жаңыл Мырза, Эр-Төштүк тууралуу мультфильмдер тартылса жакшы болмок, «Эр-Төштүк» элдик эпосун жайылтуу керек», — деп белгиледи депутат.
Анын айтымында, 2023-2024-жылдары кинематография департаментинин эксперттик кеңеши Эр-Төштүк тууралуу 5 миллион долларлык мультфильм тартууга макулдук берген.
«Көптөгөн режиссёрлор сценарийди жактырган. Каржы министрлиги өлкөнүн бюджетине кирген сумманы бекитти. Бирок мамлекеттик буйрутма болуш керек деген шылтоо менен акча бөлүнбөй жатат. Режиссерлор Жогорку Кеңештен бул акыркы кадамды жасап, мультфильмди тартууга көмөктөшүүнү суранышууда», — деп кошумчалады Динара Ашимова.