Агартуу министрлиги жеке менчик мектептерге лицензия берүүнүн жол-жобосун жөнөкөйлөтүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, жаңы эрежеге ылайык, лицензия алуу үчүн арыздарды кароо мөөнөтү 30 күндөн 20 күнгө чейин кыскартылды. Лицензиялык алдын ала текшерүү боюнча комиссиянын иш сапары жана лицензиялык кеңештин ишмердүүлүгү токтотулду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Саламаттыкты сактоо министрлиги корутунду берүү мөөнөтүн кыскартып, Санариптик өнүктүрүү министрлиги лицензия берүүнүн автоматташтырылган системасын иштеп чыгууда.
«Эми бардык керектүү документтер болсо, лицензия алуу оңой жана тезирээк болот. Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына жана болочок билим берүү мекемеси жайгашкан жер боюнча аймактык билим берүү органдарына кайрылып, жеке мектеп ачууга болот. Адистер консультациялык колдоо көрсөтүп, лицензия алуу жол-жобосун кеңири түшүндүрүп беришет», — деп кошумчалады Агартуу министрлиги.
Бийлик өкүлдөрү ишкерлерди, инвесторлорду жана коомдук уюмдарды жеке билим берүүнү өнүктүрүүгө активдүү катышууга чакырат.
Белгилей кетсек, министрликтин маалыматы боюнча учурда республикада 224 жеке менчик мектеп бар. Ал эми 2024/2025 окуу жылында 204 болгон.