23:37
USD 87.45
EUR 101.95
RUB 1.08

Азия кубогу U-23: Бүгүн кыргызстандык футболчулар Палестина менен беттешет

Бүгүн, 3-сентябрда Бишкекте футбол боюнча U-23 Азия кубогунун тандоо оюндары башталат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо саат 20:00 кыргызстандык жаш футболчулар Палестина командасы менен беттешет

Турнирдин «Е» тайпасында Кыргызстан, Өзбекстан, Палестина жана Шри-Ланка командалары күч сынашат.

Оюндардын жүгүртмөсү:

3-сентябрь, 16:00 — Өзбекстан — Шри-Ланка;

20:00 — Палестина — Кыргызстан.

6-сентябрь, 16:00 — Шри-Ланка — Палестина;

20:00 — Кыргызстан — Өзбекстан.

9-сентябрь, 16:00 — Өзбекстан — Палестина;

20:00 — Кыргызстан — Шри-Ланка.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын U-23 Олимпиадалык курамасы 2025-жылдын 15-августунан бери Бишкек шаарында команданын башкы машыктыруучусу, бразилиялык адис Эдмар Ласерданын жетекчилиги алдында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрдү.

Тандап алуу оюндарга жалпы 44 курама катышып, алар 11 тайпага бөлүнгөн. Ал эми, 2026-жылкы U-23 Азия Кубогунун финалдык этабы 2026-жылдын январь айында Сауд Арабиясында өтүп, ага 16 курама жолдомо алат.

Эң көп окулган жаңылыктар