23:01
USD 87.45
EUR 102.17
RUB 1.07

Кытай Орусия жарандарына убактылуу визасыз кирүүгө уруксат берет

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды

Кытай Орусия жарандарына убактылуу визасыз кирүүгө уруксат берет. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги бүгүн Кытай жөнөкөй паспорту бар орусиялык жарандарга Кытайга визасыз кирүүгө сыноо иретинде уруксат берерин билдирди.

Визасыз режим 15-сентябрдан баштап бир жыл бою күчүндө болот. Ал эми Кытайда болуу мөөнөтү 30 күндөн ашпашы керек.

Буга чейин орусиялыктар Гонконг жана Макао сыяктуу айрым аймактарды кошпогондо, Кытайга баруу үчүн виза талап кылышчу. 2023-жылдан бери Орусия менен Кытай да визасыз группалык саякат жана транзит боюнча келишимге кол коюшкан.

Июль айында The Washington Post гезити Кытай туризмди өнүктүрүү үчүн 74 өлкөнүн жарандарына 30 күнгө чейин визасыз кирүүгө уруксат бергенин, бирок орусиялыктар бул тизмеде жок экенин жазган. 2023-жылдан бери Германиянын жарандары да Кытайга визасыз бара алышат.

Эң көп окулган жаңылыктар