15:59
USD 87.38
EUR 101.75
RUB 1.08

Чүйдө жер басып алуу: УКМК уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады

УКМК Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы менен биргеликте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттерин токтотту. Бул тууралуу аталган мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунун Күн-Туу айыл аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө карата физикалык зомбулук көрсөтүү жолу менен 1 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкесин мыйзамсыз ээлеп алышкан.

УКМК басма сөз кызматы
Фото УКМК басма сөз кызматы. УКМК уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү: И.Э., И.С. жана М.К. аттуу жарандар кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул адамдардын башка кылмыштарга катыштыгы такталууда.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети уюшкан кылмыштуулукка жана башка ар кандай терс көрүнүштөргө каршы күрөшүүнү улантууда.

Эң көп окулган жаңылыктар