14:38
USD 87.38
EUR 101.75
RUB 1.08

Ош шаарында 100 орундуу бала бакча курулат

Ош шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы А.Мамаев көчөсү 75б дарегиндеги муниципалдык жер тилкеге ​​100 орундуу бала бакча курууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, объекттин курулушуна 112 миллион 38,3 миң сом бөлүү пландалууда.

Имарат келишим түзүлгөн күндөн тартып бир жылдын ичинде курулууга тийиш.

Жеткирүүчүлөрдүн сунуштары 15-сентябрга чейин кабыл алынат.

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоо 44,3 пайызга чейин өстү. Жакынкы жылдарда бул көрсөткүчтү 60 пайызга жеткирүү максаты коюлган.

Эң көп окулган жаңылыктар