22:17
USD 87.38
EUR 101.75
RUB 1.08

Пайдалуу кеңеш: Жашыл банан жегенде организмде эмне болот?

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, жашыл банандын курамында маанилүү компонент — туруктуу (сиңбей турган) крахмал бар. Бул тууралуу Noi.md.ru сайты жазып чыкты.

Эксперттер бул зат ичке ичегиде сиңирилбестен жоон ичегиге кирип, бактериялар тарабынан ачытылганын түшүндүрүшөт. Бул узакка созулган токчулук сезимин, ошондой эле энергиянын узакка созулушун шарттайт.

Мындан тышкары, туруктуу крахмал ичегидеги пайдалуу бактериялардын санын көбөйтөт, бул өз кезегинде жоон ичеги рагынын коркунучун азайтат. Ошондой эле, анын таасири астында организмде зат алмашуунун ылдамдыгын жогорулаткан глюкагон гормонунун чыгарылышын активдештирет.

Окумуштуулардын айтымында, жашыл банандагы крахмал бышкан жана таттуу мөмө-жемиштерди жегендей кандагы канттын кескин көбөйүшүнө алып келбейт. Ал эми бул өз кезегинде диабет коркунучу азаят дегенди билдирет.

— Жашыл банандар чынында эле даамдуу жана пайдалуу, — дейт диетолог Лариса Буткова австралиялык окумуштуулардын пикирине кошулат. Алардын курамында кан басымын нормалдаштыруу жана жүрөктү коргоо үчүн маанилүү болгон калий көп. Жашыл банандар да организмде кальцийди кармап, сөөктөрдү бекемдейт. Ошондой эле жашыл банан ашказан жарасынын алдын алаарына далилдер бар. Бирок, бул мөмө-жемиштерди жегенде ашыкча болбошу керек. Күнүнө бир, эң көп дегенде эки банан жетиштүү экендиги айтылды.

Эң көп окулган жаңылыктар