04:51
USD 87.39
EUR 102.55
RUB 1.08

ШКУ саммити: Тяньцзинде бир катар документтерге кол коюлду

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Тяньцзин шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгында мамлекет башчылары төмөнкү документтерге кол коюшуп, кабыл алышты:

  1. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Тяньцзин декларациясы.
  2. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча документтерди бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими:

— Шанхай кызматташтык уюмунун 2035-жылга чейинки өнүгүү стратегиясы;

— 2026—2030-жылдарга Шанхай кызматташтык уюмунун аймагында экстремисттик идеологияга каршы туруу боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин кызматташтык программасы;

— 2030-жылга чейинки мезгилге Шанхай кызматташтык уюмунун энергетикалык кызматташтыгын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча жол картасы.

  1. Лаос Элдик Демократиялык Республикасына Шанхай кызматташтык уюмунун диалог боюнча өнөктөшү статусун берүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.
  2. Шанхай кызматташтык уюмунун Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинде байкоочу статусун алуусу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.
  3. «Шанхай кызматташтык уюмунун өнөктөшү» статусу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.
  4. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарын 2025-2026-жылдарга Шанхай кызматташтык уюмунун туристтик жана маданий борбору деп жарыялоо жөнүндө чечими.
  5. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин ШКУнун башкы катчысынын төмөнкү документтерге кол коюу боюнча ыйгарым укуктары жөнүндө чечими:

— 2004-жылдын 17-июнундагы Шанхай кызматташтык уюму менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгынын Кытай Эл Республикасында болуу шарттары жөнүндө макулдашууга карата протокол;

— Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы менен «Росконгресс» фондунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

1. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмунун өткөн жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндөгү баяндамаларды бекитүү тууралуу чечими:

— Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысынын Шанхай кызматташтык уюмунун өткөн жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө баяндамасы;

— Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн Кеңешинин 2024-жылдагы Регионалдык антитеррордук түзүмдүн ишмердүүлүгү жөнүндө баяндамасы.

  1. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы Шанхай кызматташтык уюмунун Баңгизатка каршы борбору жөнүндө макулдашуусу.
  2. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна каршы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча Универсалдуу борбор жөнүндө макулдашуусу.
  3. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын жана Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлгөнүнүн 80 жылдыгына байланыштуу билдирүүсү.
  4. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин санарип экономика тармагында кызматташтыкты чыңдоо жөнүндө билдирүүсү.
  5. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин энергетиканы туруктуу өнүктүрүү боюнча билдирүүсү.
  6. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин «жашыл» өнөр жай тармагында кызматташтык жөнүндө билдирүүсү.
  7. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жасалма интеллект жаатында эл аралык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү жөнүндө билдирүүсү.
  8. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин көп тараптуу соода системасын колдоо жөнүндө билдирүүсү.
  9. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин дүйнөлүк баңгизат көйгөйүн натыйжалуу чечүү жана ага каршы күрөшүү боюнча билдирүүсү.
  10. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин илимий-техникалык жана инновациялык кызматташтыкты чыңдоо жөнүндө билдирүүсү.

— Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин туруктуу өнүгүү жаатында инвестициялык кызматташтыкты чыңдоо жөнүндө билдирүүсү;

— 2004-жылдын 17-июнундагы Шанхай кызматташтык уюму менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгынын Кытай Эл Республикасында болуу шарттары жөнүндө макулдашууга карата протокол.

Эң көп окулган жаңылыктар