Кыргызстандын футзал боюнча Суперлигасынын жаңы сезону 6-сентябрда башталат. Бул тууралуу футзал ассоциациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чемпионат алдын ала этап жана плей-офф баскычтарынан турган Суперлига форматында өтөт. Алдын ала этапта командалар эки раундда ойношот. Сегиз команда плей-оффко чыгат.
Алдын ала этапка 12 команда катышат: Art Blast Group, Топ-Тоголок, Виват, Тойота, Достук (баары Бишкектен), Нарын (Нарын), Жаш-Муун (Жалал-Абад), Лидер-ОшМу, Алай (баары Ош), Каракол (Ысык-Көл), Талас (Талас), Кант.