Ооганстанда жер титирөө болду. АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматы боюнча, күчү 6 баллга жеткен жер титирөө 1-сентябрга караган түнү Жалал-Абаддан болжол менен 27 чакырым жана борбор Кабулдан 200 чакырым алыстыкта болгон.
Издөө иштери жана таштандыларды тазалоо иштери уланууда. Бийликтер каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн экенин айтышууда.