Жүргүнчүлөрдүн кайрылуусун эске алуу менен No608/609 «Бишкек-Балыкчы» поездинин каттамы 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин узартылды. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, поезддин жүрүү убактысы жана жүрүү шарттары өзгөргөн жок.
Бирок 5-сентябрда техникалык себептерден улам поезддердин жүрүү графиги өзгөртүлдү:
«Бишкек-2» станциясынан чыгуу — 8.45;
«Балыкчы пляж» станциясына келүү — 13.16;
«Балыкчы пляж» станциясынан чыгуу — 19.26;
«Бишкек-2» станциясына келүү — 23.56.