03:25
USD 87.39
EUR 102.55
RUB 1.08

Пайдалуу кеңеш: Ашыкча телевизор көрүүнүн зыяндары

Телевизор эс алуунун популярдуу ыкмасы бойдон калууда, бирок дарыгерлер экрандын ашыкча убактысы ден соолукка зыян экендигин эскертет. Бул тууралуу Almaty.tv сайты жазып чыкты.

Чоңдор үчүн оптималдуу норма күнүнө 2 саатка чейин болсо жаш балдарга эң көп дегенде 1 саат сунушталат. Экрандын алдында көпкө отуруу көрүүнүн начарлашына, уйкунун бузулушуна, физикалык активдүүлүктүн төмөндөшүнө алып келет.

Зыянды азайтуу үчүн, ар бир 30-40 мүнөт сайын тыныгуу жасап, туруп, чоюлуп, караңгыда сыналгы көрбөө керек.

Телевизор пайдалуу маалыматтын жана көңүл ачуунун булагы боло алат, бирок эң негизгиси качан токтош керек экенин билүү.

Эң көп окулган жаңылыктар