01:10
USD 87.39
EUR 102.05
RUB 1.09

АКШнын мамлекеттик катчысы USAID расмий жабылганын жарыялады

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио USAID жабылганын расмий жарыялады. Бул тууралуу DW билдирди.

«Январдан бери биз салык төлөөчүлөрдү ондогон миллиард долларды үнөмдөп алдык. Ал эми негизги программалардын чакан комплексинин Мамлекеттик департаментке өтүшү менен USAID расмий түрдө жабылуу режиминде», — деп жазган АКШнын мамлекеттик катчысы Х.

Президент Дональд Трамп Өкүлдөр палатасына кат жолдоп, тышкы жардамды 4,9 миллиард долларга кыскартууну талап кылды. Анын 3,2 миллиард доллары USAIDге жумшалат.

Кийинчерээк Марко Рубио дагы бир пост жарыялап, анда ал жаңы президенттик мөөнөтү башталгандан бери Трамп АКШ өкмөтүндөгү алдамчылыкты, ысырапкорчулукту жана кыянаттыкты жоюуга умтулганын айтты. «Азыр президент акыркы 50 жылда биринчи жолу өзүнүн ыйгарым укуктарынан пайдаланып, 5 миллиард доллар тышкы жардамды жана эл аралык уюмдарды каржылоону жокко чыгарууда», — деди ал.

АКШнын мамлекеттик катчысы жокко чыгарылган мамлекеттик чыгымдарга Түштүк Африкадагы «инклюзивдик демократия» программалары үчүн 2,7 миллион доллар, «Глобалдык LGBTQ+ маалымдуулугу» жана «Глобалдык эмгек программасы» үчүн 4 миллион доллар камтылганын белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар