Жакынкы бир саат ичинде Бишкек шаарында жана Чүйдө катуу шамал күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, жакынкы бир саат ичинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге жетиши мүмкүн.
ӨКМ калкты коопсуздук чараларын сактоого чакырды. Катуу шамал учурунда көрнөк-жарнактардан, бак-дарактардан жана электр чубалгыларынан алыс болуп, коопсуз жайларда болуу зарыл.
Өзгөчө кырдаал жаралган учурда 112 номуруна чалуу керек. Кызмат күнү-түнү акысыз иштейт.