Быйыл Кыргызстандын Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгына карата негизги майрамдык иш-чаралар Жалал-Абад облусунда өтөт. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына караганда, Жалал-Абад шаарынын эски аянтында күндүзгү концерттик программалар уюштурулат.
Майрамдык иш-чараны Жалал-Абадда өткөрүү — бул регионго өзгөчө көңүл буруу менен катар, өлкөнүн бардык аймактарынын өнүгүүсүн тең салмактуу жүргүзүү максатын көздөйт.
30—31-август күндөрү Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрында кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышы өтөт.
Ошондой эле 30-август күнү төмөнкү иш-чаралар пландалган:
09:00 — 19:00 — Барпы атындагы облустук драма театрында сүрөт көргөзмөсү жана асфальтка сүрөт тартуу иш-чарасы өтөт.
09:00 — 19:00 — Спутник кичи районундагы Т.Байзаков атындагы сейил багында айыл чарба жарманкеси жана «Чыгыш шириндиктери» аттуу тамак-аш фестивалы уюштурулат.
10:00 — 18:00 — Эркиндик аянтында күндүзгү концерттик программа өтөт.
09:00 — 19:00 — Курманбек стадионунда жана «Газпром» спорт комплексинде улуттук оюндар өткөрүлөт.
Ал эми негизги майрамдык концерт Жалал-Абад шаарында кечки саат 18:00дон түнкү 01:00го чейин уланат.
Гала-концерт көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон чет элдик артисттердин коштоосунда өтүп, алардын арасында россиялык Николай Басков, Люся Чеботина, швед ырчысы BOSSON жана өзбекстандык ОЗОДА жана Хамдам Сабиров бар.
Ал эми Кыргызстандын эстрада ырчыларынан Гулнур Сатылганова, Бек Борбиев, Бактияр Токторов, Айчүрөк Иманалиева, Фриман 996, Жийдеш, Нурлан Насип, Аваз Акимов, Айдана Дека жана башкалар катышат. Бул концерт шаар тургундарына жана меймандарга майрамдык маанай тартуулап, өзгөчө шаңда өтүү алдында турат.