Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев 7-8 жаштагы баланын өмүрүн сактап калган куткаруучуларга ыраазычылык билдирип, медалдарды тапшырды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, окуя ушул жылдын 29-июлунда болгон. Саат 18:10 чамасында Ош шаарынын Көкүм бий көчөсүн аралап өткөн каналдан агып бараткан баланы куткаруучулар байкап калышкан.
ӨКМдин суудан куткаруу кызматында окуудан өтүп, учурда «Жанат Резорт Ош» эс алуу жайында иштеп жаткан куткаруучулар баланы каналдан чыгарышып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Белгилей кетсек, суудан куткаруу кызматы тарабынан суудан куткаруу иштерине катышууну каалаган 400дөн ашык жаштар окутулуп, аларга тиешелүү сертификаттар берилген. Бул сертификат менен алар каалаган бассейндерде жана суу сактагычтарда иштей алышат.
Эскерте кетсек, быйылкы жылдын өзүндө эле ушундай билим алган куткаруучулар 40тан ашык адамдын өмүрүн сактап калышкан.