16:32
USD 87.35
EUR 101.23
RUB 1.08

Эгемендүүлүк күнүнө карата кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышы өтөт

30-31-август күндөрү КР президентинин колдоосунда Эгемендүүлүк күнүнүн урматына кыргыз-казак төкмө акындарынын XVIII эл аралык айтышы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул ири маданий иш-чаранын алкагында Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгы, Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгы жана Рахматулла Козукеевдин 70 жылдыгы белгиленет.

Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгы Жалал-Абад шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында өтөт. Башталышы саат 12:00.

Ал эми Рахматулла Козукеевдин 70 жылдыгына арналган айтыштар 27-29-август күндөрү жер-жерлерде өткөрүлөт:

27-август, саат 17:00 — Токтогул шаары, Маданият үйү;

28-август, саат 17:00 — Аксы району, Кербен шаары, Маданият үйү;

29-август, саат 17:00 — Сузак району, Барпы айылы, Жони паркы.

Кирүү акысыз. Байланыш номери: 0701 11 77 19.

Эң көп окулган жаңылыктар