18:32
USD 87.36
EUR 101.71
RUB 1.08

Бишкек мэриясына жаңы аппарат жетекчиси дайындалды

Бишкек мэриясы
Фото Бишкек мэриясы. Ильяс Колопов

Ильяс Колопов 2025-жылдын 27-августунан тарта Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге мэр Айбек Жунушалиев кол койгонун муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Ильяс Колопов Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын чечимдерди даярдоо бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган.

Кадрдык потенциалды чыңдоо максатында Ильяс Колопов 2024-жылы президенттик аппараттын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмүнүн башчысы кызматынан Бишкек шаардык мэриясына ротацияланган.

Эң көп окулган жаңылыктар