Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун прокуратурасы тарабынан жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке 47 миллион сомдон ашык экологиялык зыян келтирилген фактылар аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Чаткал филиалынын жооптуу кызмат адамдары аянты 8,5 га түзгөн жайыт жерге токой чарбанын жоготууларын толтурбастан, «С.А.» ЖЧКсына убактылуу пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүктү мыйзамсыз беришип, натыйжада мамлекетке 45,4 млн сом зыян келтирилген.
Мындан тышкары, «С.А.» ЖЧКсы тарабынан жер тилкеге лагерди орнотууда 10,4 га аянттагы жердин түшүмдүү катмары бузулуп, экологияга келтирилген зыян 2,4 млн сомду түзгөн.
Аталган фактылар боюнча Чаткал районунун прокуратурасы тарабынан «Дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу», «Жерди бузуу», «Мыйзамсыз ишкердик» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелериндеги кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.