Ильгиз Сыдыгалиев Кыргызстандын Улуттук электр тармагын жетектейт. Дайындоо тууралуу маалыматты компаниядан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, мындай чечимди «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын директорлор кеңеши кабыл алган. Буга чейин ал башкы директордун орун басары кызматын аркалап келген.
Эми ишкананын мурдагы жетекчиси Алтынбек Рысбеков энергетика министринин орун басары болду.
Эске салсак, июнь айынын башында «Түндүк электр» ААКнын директорлор кеңешинин чечими менен төрага Ильгиз Сыдыгалиевдин ыйгарым укуктары токтотулган. Бул кызматта ал төрт айга жакын иштеген. Андан кийин Кыргызстандын улуттук электр тармагы башкы директорунун капиталдык курулуш жана инвестициялар боюнча орун басары болуп дайындалган.
Буга чейин Ильгиз Сыдыгалиев Улуттук энергохолдингдин улуттук тармактар башкармалыгын жетектеген.