Баткенде 10 миң орундуу стадион курулат. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
«Жаңы стадион аймактык, улуттук жана эл аралык спорттук иш-чараларды өткөрүүчү жайга айланат», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Өзгөн шаарында жаңы стадион ачылып, Ош шаарында борбордук стадионду реконструкциялоо иштери башталган.