11:35
USD 87.35
EUR 101.48
RUB 1.08

Бишкектин борборунда ичүүчү суу токтотулат

2025-жылдын 28-августунда саат 9:00дөн 18:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Өчүрүү аймагы көчөлөр менен чектелген:

Чокморова — Абдрахманова — Киев — Шопокова — Чүй проспектиси — Ибраимов — Киев — Шопокова.

Өчүрүү Үсөнбаев көчөсүндөгү 300 миллиметрлик суу түтүгүн оңдоо иштерине байланыштуу.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар