11:11
USD 87.35
EUR 101.48
RUB 1.08

Ошто Алымбек датканын эстелиги ачылды

Ош шаарында белгилүү мамлекеттик ишмер Алымбек датканын эстелигинин салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Салтанатка жергиликтүү бийлик жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, шаар тургундары катышты.

Алымбек датка 19-кылымдагы кыргыздын көрүнүктүү саясий жана коомдук лидери, өзүнүн акылмандыгы, дипломатиялык таланты жана кыргыз урууларын бириктирүүгө кошкон салымы менен атагы чыккан.

Эстелик улуу жолбашчынын элесин түбөлүккө калтыруу максатын көздөйт. Коноктор скульптуранын жогорку көркөмдүк деңгээлин жана анын образынын символикасын белгилешти.

Иш-чара маданий программа менен коштолду

Эң көп окулган жаңылыктар