КР Акыйкатчы институту Ысык-Ата облусунда төрт жашар кызды зордуктоо боюнча иштин айрым чоо-жайын билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, кыздын апасы ажырашып, балдарын жалгыз багып жатат. Ал балдарды туугандарына таштап, Бишкекке иштегени кеткен.
Кызга зомбулук көрсөткөн өспүрүм TikTok социалдык баракчасынан көргөндөрүн туурап 4 жашар кызга сексуалдык зомбулук көрсөткөнүн айткан.
Наристе Ысык-Ата райондук ооруканасынан кароодон өтүп, ага зомбулук болгону аныкталган.
Кыздын апасы окуя тууралуу уккандан кийин микроинсульт алып Ысык-Ата райондук ооруканага жаткырылган, кийинчерээк шаарга которулганы маалым болду. Наристенин апасы милицияга арыз жазуудан баш тарткан.
Ошого байланыштуу, Ысык-Ата районунун үй-бүлөнү жана баланы коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери мыйзамдуу өкүлү катары дайындалган.
Ысык-Ата РИИБ Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин (Зордуктоо) 4- бөлүгү менен иш козгоп, наристеге зомбулук көрсөткөн өспүрүмдү 18-август күнү кармаган. Учурда, Ысык-Ата райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы баланы коргоо боюнча жекече планынын негизинде иш алып барууда.
Кызга узак мөөнөттүү реабилитация талап кылынат.
Акыйкатчы балдар менен иш алып барган мамлекеттик органдарды профилактикалык иш-аракеттерди күчөтүүгө чакырып, ата-энелерди балдардын уюлдук телефондо эмне көрүп, кандай убакыт өткөрүп жатканына көңүл бурууга үндөдү.
Ошону менен катары эле, Акыйкатчы Чүй ОБИИне жабырлануучунун укуктарынын сакталышын камсыздоого жана окуяга адилетүү баа берүүгө чакырып расмий кат жолдоду.