00:21
USD 87.37
EUR 102.26
RUB 1.08

Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн оңдолгон бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды

Бүгүндөн тарта Ахунбаев көчөсүнүн 7-апрель көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган тилкеде асфальт төшөө толугу менен жаңыланып, жаңы бордюрлар орнотулуп, жол сызыктары тартылып, жаңы жол белгилери орнотулду.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бүгүн, 25-августта Ахунбаев көчөсүндөгү оңдоп-түзөө иштерин жеринен текшерип чыгып, жаңыланган жолдун ачылышына катышты.
Эң көп окулган жаңылыктар